# 906-статья. Складдык документтер

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июня 2018 года № 61 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111794)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281639..1281640>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-906>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-906.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 906-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-906

---

1. Товарды сактоого кабыл алгандыгын ырастоо иретинде товардык склад төмөнкү складдык документтердин бирин берет:

1) коштолгон складдык күбөлүк;

2) жөнөкөй складдык күбөлүк;

3) складдык квитанция.

2. Коштолгон складдык күбөлүк, анын эки бөлүгүнүн ар бири жана жөнөкөй складдык күбөлүк баалуу кагаздар болуп саналат. Коштолгон жана жөнөкөй складдык күбөлүктөр товардык складдарды жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурда товардык склад тарабынан берилет.

2-1. Товардык складдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирбеген товардык склад, товардык складдарды жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, складдык квитанция берүүгө гана укуктуу.

3. Коштолгон складдык күбөлүк күрөө предмети болушу мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [905-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-905)  
Кийинки берене: [907-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-907)
