# 905-статья. Товар ээсине товарды кайтарып берүүдө товардын санын жана абалын текшерүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-905>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-905.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 905-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-905

---

1. Товар ээси жана товардык склад ар бири товарды кайра кайтарып берүүдө аны карап көрүүнү жана санын текшерүүнү талап кылууга укуктуу. Буга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды товарды карап көрүүнү жана текшерүүнү талап кылган тарап көтөрөт.

2. Эгерде товар ээсине товарды складдан кайра кайтарып берүүдө товар алар тарабынан карап көрүлбөсө же текшерилбесе товардын жетишпегендиги же тийиштүү түрдө сакталбагандыктан бузулгандыгы жөнүндө арыз товарды алууда складга кат жүзүндө берилүүгө тийиш, ал эми товарды адаттагыдай карап көрүүдө байкалбаган кемчилдиги же бузулгандыгы тууралуу аны алгандан кийин үч күндүн ичинде берилет.

Товар ээси ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн арызды бербесе, анда башкасы далилденбегендиктен, товар склад тарабынан келишимдин шарттарына ылайык кайтарып берилди деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [904-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-904)  
Кийинки берене: [906-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-906)
