# 902-статья. Складдык сактоо келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-902>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-902.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 902-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-902

---

1. Складдык сактоо келишими боюнча товардык склад (сактоочу) товардын ээси (жүк өткөрүүчү) тарабынан ага өткөрүп берилген товарларды акысын алуу менен сактоого жана ал товарларды сакталуу бойдон кайтарып берүүгө милдеттенет.

2. Складдык сактоо келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы, эгерде анын түзүлүшү жана товарлардын складга кабыл алынышы складдык документтер (905-статья) менен күбөлөндүрүлсө, сакталды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [901-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-901)  
Кийинки берене: [903-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-903)
