# 895-статья. Сактоочунун жоопкерчилигинин өлчөмү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-895>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-895.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 895-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-895

---

1. Эгерде мыйзамда же сактоо келишиминде башкасы каралбаса, буюм өткөрүүчүгө буюмдун жоголгондугунан, жетпей калгандыгынан же бузулгандыгынан келтирилген зыяндын орду сактоочу тарабынан ушул Кодекстин 358-статьясына ылайык толтуруп берилет.

2. Акысыз сактоодо жүк өткөрүүчүгө буюмдун жоголгондугунан, жетпей калгандыгынан же бузулгандыгынан келтирилген зыяндын орду төмөнкүчө толтуруп берилет:

1) буюмдун жоголгондугу же жетпей калгандыгы үчүн - жоголгон же жетпей калган буюмдун баасында;

2) буюмдун бузулгандыгы үчүн - анын баасы төмөндөгөн сумманын өлчөмүндө.

3. Эгерде сактоодогу буюмдун сапаты сактоочу жооп берген бузулуудан улам аны алгачкы арналышында пайдаланууга мүмкүн болбой калса буюм өткөрүүчү андан баш тартып, бул буюмдун наркын төлөп берүүнү, ошондой эле мыйзамда же келишимде каралган учурда, башка чыгымдарынын да ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [894-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-894)  
Кийинки берене: [896-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-896)
