# 894-статья. Буюмдун жоголушу, жетпей калгандыгы же бузулушу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-894>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-894.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 894-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-894

---

1. Сактоочу сактоого кабыл алынган буюмдун жоголушу, жетпей калгандыгы же бузулушу үчүн ушул Кодекстин 20-главасында каралган негиздер боюнча жооп берет.

2. Буюмду ээлик кылуу ишкердиги же башка кесиптик иш-аракет жүргүзүү иретинде сактоого кабыл алган сактоочу, эгерде буюм:

1) ал жеткис күчтөрдүн;

2) буюмдун аны сактоого кабыл алууда сактоочу билбеген же билүүгө тийиш болбогон тымызын касиеттеринин;

3) буюм өткөрүүчүнүн атайын жасагандыгынын же олдоксондугунун айынан жоголгондугун, жетпей калгандыгын же бузулгандыгын далилдебесе, алар үчүн жооп берет.

3. Өткөрүүчүнүн буюмду кайра алуу милдети пайда болгондон кийин (892-cтатьянын 1-пункту) сактоого кабыл алынган буюмдун жоголушу, жетпей калгандыгы же бузулушу үчүн сактоочу өзү тараптан атайын жасалгандык же олдоксондук болгон учурда гана жооп берет.

---

Мурунку берене: [893-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-893)  
Кийинки берене: [895-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-895)
