# 893-статья. Буюмду өткөрүүчүнүн буюмду кайра алышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-893>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-893.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 893-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-893

---

1. Буюмду өткөрүүчү сактоого коюлган буюмду келишимде каралган же ушул Кодекстин 883-статьясынын 3-пунктуна ылайык сактоочу буюмду кайра алуу үчүн берген мөөнөттө кайра алууга тийиш.

2. Буюмду өткөрүүчү сактоого коюлган буюмду кайра алуудан баш тартса, эгерде сактоо келишиминде башка каралбаса, буюмду өткөрүүчүгө кат жүзүндө эскертүү менен ал буюмду сакталып жаткан жерде түзүлгөн баада өз алдынча, ал эми эгерде буюмдун баасы эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн 50 эседен ашык болсо, ушул Кодекстин 408-410-статьяларында белгиленген тартипте аукциондо сатууга укуктуу.

Буюмду сатуудан түшкөн сумма сактоо үчүн алынуучу акыны, анын ичинде сатуу боюнча чыгымдарды алгандан кийин буюмду өткөрүүчүгө берилет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [892-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-892)  
Кийинки берене: [894-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-894)
