# 892-статья. Сактоо боюнча өзгөчө чыгымдар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 892-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-892

---

1. Буюмду сактоодогу адаттагы чыгымдардан ашкан жана келишим түзүүдө тараптар алдын биле албаган чыгымдар (өзгөчө чыгымдар), эгерде буюмду өткөрүүчү мындай чыгымдарга макулдугун берсе же кийин колдосо, ошондой эле мыйзамда жана башка укуктук актыларда каралган бөлөк учурларда, ал чыгымдардын орду сактоочуга толтурулуп берилет.

2. Өзгөчө чыгымдарды жасоо зарылчылыгы болгон учурда сактоочу буюмду өткөрүүчүдөн мындай чыгымдар үчүн макулдугун суроого милдеттүү. Эгерде буюмду өткөрүүчү сактоочу көрсөткөн мөөнөттө же зарыл убакыттын ичинде өзүнүн макул эместиги жөнүндө билдирбесе, ал өзгөчө чыгымдарды жасоого макул деп эсептелет.

Сактоочу буюмду өткөрүүчүнүн макулдугун албастан жана буга мүмкүнчүлүгү болуп туруп өзгөчө чыгымдарды жумшаса жана буюмду өткөрүүчү мындай чыгымдарга макул болбосо, сактоочу, эгерде мындай чыгымдар жасалбаган учурда сактоодогу буюмга келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын чектеринде гана өзгөчө чыгымдарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сактоо келишиминде башка каралбаса, өзгөчө чыгымдарынын орду сактоо үчүн акыдан тышкары толтуруп берилет.

---

Мурунку берене: [891-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-891)  
Кийинки берене: [893-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-893)
