# 890-статья. Сактоо үчүн акы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-890>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-890.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 890-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-890

---

1. Сактоо үчүн акы сактоочуга сактоо аяктагандан кийин, ал эми төөлөө мезгилдүү болушу каралган учурда, ар бир мезгил өткөндөн кийин төлөнүүгө тийиш.

2. Сактоо үчүн төлөө мөөнөтү төлөнө турган мезгилдин жарымынан ашкан мезгилге өткөрүп жиберилген учурда сактоочу сактоо келишимин аткаруудан баш тартууга жана буюм өткөрүүчүдөн сактоого өткөрүлгөн буюмду токтоосуз алып кетүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сактоо сактоочу жооп бербеген кырдаалдардан улам белгиленген мөөнөттөн мурда токтотулса анын ошого теңдеш өлчөмдөгү акысын алууга, ал эми ушул Кодекстин 888-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда - акынын бардык суммасын алууга укугу бар.

Эгерде сактоо сактоочу жооп берген кырдаалдардан улам белгиленген мөөнөттөн мурда токтотулса анын сактоо үчүн акы талап кылууга укугу жок жана бул акынын эсебинен алган сумманы буюм өткөрүүчүгө кайтарып берүүгө тийиш.

4. Эгерде сактоо келишиминде белгиленген мөөнөттөн кийин сактоодогу буюмду буюм өткөрүүчү кайра алып кетпесе ал сактоочуга буюмдун андан ары сакталышы үчүн акы төлөөгө милдеттүү.

5. Эгерде сактоо келишиминде башкасы каралбаса, ушул статьянын эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [889-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-889)  
Кийинки берене: [891-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-891)
