# 888-статья. Сапаты зыяндуу буюмдарды сактоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 888-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-888

---

1. Оңой эле күйүп кетүүчү, жарылгыч жана жалпы эле жаратылышынан коркунучтуу буюмдар, эгерде аларды сактоого өткөрүүдө буюм өткөрүүчү анын мындай сапаттары жөнүндө эскертпесе, буюм өткөрүүчүнүн тарткан зыянынын ордун толтуруп бербестен каалаган учурда сактоочу тарабынан зыянсыздандырылышы же жок кылыныш мүмкүн. Буюм өткөрүүчү мындай буюмду сактоого байланыштуу сактоочуга жана үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жооп берет.

Коркунуч келтирүүчү буюмдарды адис сактоочуга өткөрүп бергенде, мындай буюмдардын аталышы туура эмес көрсөтүлсө жана сактоочу аларды сыртынан карап көргөндө алардын сапаты зыяндуу касиеттерин таба албаган учурда, ушул пункттун биринчи абзацында баяндалган эрежелер колдонулат.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн буюмдарды сактоочу билип жана макул болуп кабыл алган учурда сактоо шарты сакталгандыгына карабастан алар айланадагылар үчүн же сактоочунун же үчүнчү жактардын мүлкү үчүн коркунуч келтирсе жана буюм өткөрүүчүдөн аны тез арада алып кетүүнү талап кылууга мүмкүн болбосо же ал бул талапты аткарбаса, бул буюмдар буюм өткөрүүчүнүн чыгымдарын кайтарып берүүсүз зыянсыздандырылышы же жок кылынышы мүмкүн. Мындай учурда буюм өткөрүүчү сактоочунун же үчүнчү жактардын алдында бул буюмдарды сактоого байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [887-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-887)  
Кийинки берене: [889-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-889)
