# 887-статья. Сактоо шартынын өзгөрүшү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-887>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-887.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 887-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-887

---

1. Буюмду сактоонун сактоо келишиминде каралган шарттарын өзгөртүү зарыл болгон учурда сактоочу бул жөнүндө буюм өткөрүүчүгө токтоосуз билдирүүгө жана анын жообун күтүүгө милдеттүү.

Эгерде сактоо шарттарын өзгөртүү буюмдун жоголуу же бузулуу коркунучунан сактап калуу үчүн зарыл болгон учурда сактоочу сактоо келишиминде каралган сактоо ыкмасын, ордун жана буюмду сактоонун башка шарттарын буюм өткөрүүчүнүн жообун күтпөстөн эле өзгөртүүгө укуктуу.

2. Эгерде буюм сактоо учурунда бузулса же анын сакталышын камсыз кылууга мүмкүн болбой калган кырдаал келип чыгып, буюм өткөрүүчү тарабынан өз убагында чара көрүлүшүн күтүүгө болбосо, сактоочу буюмду же анын бир бөлүгүн сактоо жеринде түзүлгөн баа боюнча өз алдынча сатууга укуктуу. Эгерде аталган кырдаалдар сактоочу жооп бербеген себептерден улам келип чыкса, ал өз чыгымдарын сатуу баасынын эсебинен калыбына келтирип алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [886-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-886)  
Кийинки берене: [888-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-888)
