# 885-статья. Буюмдун сакталышын камсыз кылуу боюнча сактоочунун милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-885>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-885.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 885-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-885

---

1. Сактоочу сактоо келишиминде каралган, ошондой эле сактоого өткөрүлгөн буюмдун сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Эгерде сактоо акысыз жүргүзүлсө, сактоочу сактоого кабыл алган буюмга өз буюмундай кам көрүүгө милдеттүү.

3. Эгерде келишимде жекече сапатсыз сактоо каралбаса (884-статья), сактоочу буюм өткөрүүчүгө же кабыл алуучу катары көрсөтүлгөн башка жакка өзүнө сактоо үчүн берилген буюмду кайтарып берүүгө милдеттүү.

4. Буюм, анын табигый түрдөгү эскиришин жана табигый түрдөгү зыянга учурашын эске алуу менен, ал сактоого кабыл алынган учурдагы абалында кайтарылып берилүүгө тийиш.

5. Буюмду кайра кайтарып берүү менен бирге сактоочу, эгерде келишимде башкасы белгиленбесе, сактоо мезгилинде алынган кирешелери жана үзүрлөрү менен кошо кайтарып берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [884-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-884)  
Кийинки берене: [886-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-886)
