# 883-статья. Сактоо мөөнөтү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 883-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-883

---

1. Сактоочу буюмду сактоо келишиминде белгиленген мөөнөттө сактоого милдеттүү.

2. Эгерде сактоо мөөнөтү сактоо келишиминде аныкталбаса же сактоо шарттарына жараша аны аныктоого мүмкүн болбосо, сактоочу буюмду өткөрүүчү кайра талап кылмайынча сактоого милдеттүү.

3. Эгерде сактоо мөөнөтү буюмду кайра талап кылуу учуру менен аныкталса, сактоочу ушундай кырдаалдарда салттуу болгон мөөнөт өткөндөн кийин, буюм өткөрүүчүдөн ага ылайыктуу мөөнөт берүү менен сактоого койгон буюмун кайра алууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [882-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-882)  
Кийинки берене: [884-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-884)
