# 881-статья. Сактоо келишиминин формасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-881>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-881.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 881-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-881

---

1. Ушул Кодекстин 177-статьясында көрсөтүлгөн учурда сактоо келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Эгерде буюмдун сактоого кабыл алынышы сактоочу тарабынан сактоо тилкатын, квитанцияны, күбөлүктү же башка документти берүү менен күбөлөндүрүлсө, келишимдин жазуу жүзүндөгү формасы сакталды деп эсептелет.

2. Эгерде буюм өзгөчө кырдаалдарда (өрт, табигый кырсык, күтүүсүздөн ооруп калуу, кол салуу коркунучу ж.б.) сактоого өткөрүп берилсе келишимдин жазуу жүзүндөгү формасынын сакталышы талап кылынбайт.

Өзгөчө кырдаалдарда (өрт, табигый кырсык, күтүүсүздөн ооруп калуу, кол салуу коркунучу ж.б.) буюмдун сактоого өткөрүп берилиши сактоого берилген буюмдун баасына карабастан, күбөлөрдүн көрсөтүүсү менен далилдениши мүмкүн.

3. Сактоочу тарабынан номердик жетонду (номерди) же буюмдун сактоого кабыл алынышын күбөлөндүргөн башкача белгини берүү менен да, эгерде мыйзамда же башка укуктук актыларда буюмду ушундайча формада кабыл алуу ырасталса же сактоонун мындай түрү адаттагы нерсе болсо, сактоо келишими түзүлдү деп эсептелет.

4. Сактоого кабыл алынган жана сактоодон кайра берилген буюмдун окшоштугу жөнүндө талаш-тартыш пайда болгон учурда күбөлөрдүн көрсөтүүсүнө жол берилет.

---

Мурунку берене: [880-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-880)  
Кийинки берене: [882-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-882)
