# 880-статья. Буюмду сактоого кабыл алуу жөнүндөгү келишим

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-880>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-880.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 880-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-880

---

1. Ээлик кылуу ишкердиги же кесиптик иш-аракет иретинде сактоону ишке ашырып жаткан сактоочу келишим боюнча өзүнө буюм өткөрүүчүнүн сактоого берген буюмун кабыл алууга жана аны ушул главада белгиленген эрежелерге ылайык сактоого милдеттенет.

2. Келишим боюнча буюмду сактоого кабыл алууга милдеттенген сактоочу бул буюмду ага сактоого өткөрүүнү талап кылууга укугу жок.

Бирок келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө буюмду сактоого өткөрбөгөн буюм өткөрүүчү, эгерде мыйзамда же сактоо келишиминде башкасы каралбаса, болбой калган сактоого байланыштуу келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат. Буюм өткөрүүчү, эгерде сактоо кызматынан баш тарткандыгы жөнүндө акылга сыярлык мөөнөттө билдирсе, жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, сактоочу келишимде белгиленген мөөнөттө буюм сактоого өткөрүлбөгөн учурда, ал эми бул мөөнөт аныкталбаганда - келишим түзүлгөндүн тартып алты ай өткөндөн кийин буюмду сактоого кабыл алуу милдетинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [879-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-879)  
Кийинки берене: [881-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-881)
