# 876-статья. Тараптар өзгөрүлгөн учурда келишимдин күчүндө сакталышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-876>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-876.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 876-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-876

---

1. Лицензиялык комплекске кирүүчү өзгөчө укуктун лицензиардан башка жакка өтүшү комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишимин бузуу үчүн негиз болбойт. Жаңы лицензиар өзүнө өткөн өзгөчө укукка тиешелүү бөлүгүнүн укуктары жана милдеттери боюнча келишимге кирет.

2. Лицензиар каза тапкан учурда комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча укуктары менен милдеттери анын мураскоруна, ал ээлик кылуучу ишкер катары катталуу болгон же мурас ачылгандан тартып алты айдын ичинде катталган шартта, өтөт. Башкача болгондо келишим токтотулат.

Мураскор тийиштүү укуктар менен милдеттерди кабыл алганча же ишкер катары каттоодон өткөнчө лицензиялык башкарууну нотариус тарабынан дайындалган башкаруучу ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [875-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-875)  
Кийинки берене: [877-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-877)
