# 872-статья. Чек коюучу шарттар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-872>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-872.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 872-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-872

---

1. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминде чек коюучу (атайын) шарттар каралышы мүмкүн, атап айтканда:

лицензиатка бекитилген аймакта ушундай эле башка комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясын бербөө же ушул эле аймакта өз алдынча иш-аракет жүргүзбөө жөнүндөгү лицензиардын милдеттенмеси; комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясы колдонулуучу аймакта лицензиарга таандык болгон өзгөчө укуктарды пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүүдө лицензиар менен атаандашпоо; лицензиаттын лицензиардын атаандаштарынан (потенциалдуу атаандаштарынан) башка комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясын алуудан баш тартышы; келишим боюнча берилген өзгөчө укуктарды ишке ашырууда пайдаланылуучу коммерциялык жайлардын жайгашкан ордун, ошондой алардын сырткы жана ички жасалгаланышын лицензиар менен макулдашуу жөнүндөгү лицензиаттын милдеттенмеси. Чек койгон шарттар, эгерде алар тийиштүү рыноктун абалын жана тараптардын экономикалык абалын эске алуу менен монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршы келсе, монополияга каршы органдын же башка таламдаш жактын доосу боюнча эмес деп таанылышы мүмкүн.

2. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминин:

лицензиат сатуучу товардын баасын же аткаруучу (көрсөтүүчү) жумуштардын (кызматтардын) баасын, же аталган баалардын жогорку же төмөнкү чектерин аныктоого лицензиардын укугу бар деп белгилеген; лицензиаттын өзгөчө категориядагы сатып алуучуларды (заказчыларды) же келишимде аталган гана аймакта жайгашкан (жашаган) сатып алуучуларды (заказчыларды) тейлөө укугун белгилеген чек коюучу шарттары анык эмес деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [871-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-871)  
Кийинки берене: [873-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-873)
