# 871-статья. Лицензиаттын милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281634..1281635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-871>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-871.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 871-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-871

---

Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча аткарып жаткан иш-аракеттин мүнөзүнө жана өзгөчөлүктөрүнө жараша лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү: (экинчи абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) келишимдин негизинде чыгарылып жаткан товарларынын, көрсөткөн кызматтарынын, аткарган жумуштарынын сапаты түздөн-түз лицензиар тарабынан чыгарылган товарлардын, көрсөткөн кызматтардын жана аткарган жумуштардын сапатына так туура келишин камсыз кылууга; лицензиялык комплекске кирген өзгөчө укуктарды лицензиар пайдаланганда алар мүнөзү, ыкмасы жана шарттары жагынан толук туура келишине жетишүүгө багытталган лицензиардын бардык инструкцияларын жана нускоолорун, анын ичинде келишим боюнча өзүнө берилген укуктарды ишке ашырууда лицензиат тарабынан пайдаланылуучу коммерциялык жайлардын сыртын жана ичин жасалгалоого тийиштүү инструкцияларды жана нускоолорду да тутууга; түздөн-түз лицензиардан товар (кызмат, жумуш) сатып алууда (көрcөтүлүүдө, аткарылууда) сатып алуучу (заказчы) күткөн бардык кошумча тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө; лицензиардан алган өндүрүштүн жашырын сырларын жана андан алган башка коммерциялык жашырын маалыматты таркатпоого; мындай милдеттенме келишимде түздөн-түз каралган учурда белгиленген сандагы сублицензияларды берүүгө; сатып алуучуларга (заказчыларга) ачык эле комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча лицензиардын товардык белгисин, тейлөө белгисин же башкача өзгөчөлөнтүү каражатын пайдаланып жаткандыгы тууралуу билдирүүгө. Келишимде лицензиаттын башка да милдеттери каралышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [870-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-870)  
Кийинки берене: [872-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-872)
