Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
871-статья. Лицензиаттын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 44-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 133
Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча аткарып жаткан иш-аракеттин мүнөзүнө жана өзгөчөлүктөрүнө жараша лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү: (экинчи абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) келишимдин негизинде чыгарылып жаткан товарларынын, көрсөткөн кызматтарынын, аткарган жумуштарынын сапаты түздөн-түз лицензиар тарабынан чыгарылган товарлардын, көрсөткөн кызматтардын жана аткарган жумуштардын сапатына так туура келишин камсыз кылууга; лицензиялык комплекске кирген өзгөчө укуктарды лицензиар пайдаланганда алар мүнөзү, ыкмасы жана шарттары жагынан толук туура келишине жетишүүгө багытталган лицензиардын бардык инструкцияларын жана нускоолорун, анын ичинде келишим боюнча өзүнө берилген укуктарды ишке ашырууда лицензиат тарабынан пайдаланылуучу коммерциялык жайлардын сыртын жана ичин жасалгалоого тийиштүү инструкцияларды жана нускоолорду да тутууга; түздөн-түз лицензиардан товар (кызмат, жумуш) сатып алууда (көрcөтүлүүдө, аткарылууда) сатып алуучу (заказчы) күткөн бардык кошумча тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө; лицензиардан алган өндүрүштүн жашырын сырларын жана андан алган башка коммерциялык жашырын маалыматты таркатпоого; мындай милдеттенме келишимде түздөн-түз каралган учурда белгиленген сандагы сублицензияларды берүүгө; сатып алуучуларга (заказчыларга) ачык эле комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча лицензиардын товардык белгисин, тейлөө белгисин же башкача өзгөчөлөнтүү каражатын пайдаланып жаткандыгы тууралуу билдирүүгө. Келишимде лицензиаттын башка да милдеттери каралышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана өзгөчөлүктөрүнө жараша лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:
алынып салынды: келишимде каралган иш-аракетти аткарууда лицензиардын фирмалык аталышын келишимде көрсөтүлгөндөй пайдаланууга;
кошулду: (экинчи абзац КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
келишимдин негизинде чыгарылып жаткан товарларынын, көрсөткөн … ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча лицензиардын алынып салынды: фирмалык аталышын, товардык белгисин, тейлөө белгисин же башкача өзгөчөлөнтүү каражатын … лицензиаттын башка да милдеттери каралышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-871" title="871-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>