# 867-статья. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишиминин түрлөрү жана аны каттоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 18.01.2000 [Закон КР от 18 января 2000 года №24 "О внесении изменений в Гражданский Кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281645..1281646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-867>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-867.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 867-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-867

---

1. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими жазуу түрүндө түзүлүүгө тийиш.

Келишимдин түрүн сактабоо анын анык эместигине алып келет.

2. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу объектти пайдаланууга комплекстүү ишкердик лицензиянын келишими интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш. Бул талап сакталбаган учурда келишим жараксыз деп эсептелет.

Ушул талап лицензиясы мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон интеллектуалдык менчик объекттерине жайылтылат. (КР 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [866-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-866)  
Кийинки берене: [868-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-868)
