# 866-статья. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2016 [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412); 18.01.2000 [Закон КР от 18 января 2000 года №24 "О внесении изменений в Гражданский Кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/332)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281634..1281635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-866>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-866.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 866-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-866

---

1. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясы боюнча бир тарап (комплекстүү лицензиар) экинчи тарапка (комплекстүү лицензиатка) лицензиаттын ишкердик ишинде келишимде каралган лицензиардын товардык белгисинин, тейлөө белгисинин, патентинин өзгөчө укуктарын жана корголуучу коммерциялык маалыматын пайдалануу укугун камтыган өзгөчө укуктардын комплексин (лицензиялык комплексти), акысын алуу менен пайдаланууга берүүгө милдеттенет.

2. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишиминде лицензиялык комплексти, лицензиардын ишкердик кадыр-баркын жана коммерциялык тажрыйбасын (атап айтканда, эң аз жана (же) эң көп көлөмдө пайдаланууну белгилөө менен), пайдаланылуучу аймакты көрсөтүп же көрсөтпөстөн, иш-аракеттин белгилүү бир чөйрөсүнө карата (лицензиардан алган же лицензиар чыгарган товарларды сатуу, башка соода-сатык иштерин аткаруу, кызмат көрсөтүү, жумуш аткаруу) пайдалануу каралышы мүмкүн.

3. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими боюнча коммерциялык уюмдар жана ээлик кылуучу ишкер катары катталган граждандар гана тараптар боло алышат.

4. Комплекстүү ээлик кылуу ишкердик лицензиясынын келишими мөөнөтүн көрсөтүү менен жана көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) түзүлүшү мүмкүн.

5. (Алынып салынды)

(КР 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [865-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-865)  
Кийинки берене: [867-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-867)
