# 865-статья. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин токтотуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-865>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-865.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 865-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-865

---

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкүлөрдүн натыйжасында токтотулат:

келишимдин мөөнөтү аяктаганга байланыштуу тараптардын биринин арызы боюнча; эгерде келишимде башкасы каралбаса, пайда көрүүчү болгон гражданин өлгөн учурда же пайда көрүүчү юридикалык жак жоюлганда; эгерде келишимде башкасы каралбаса, пайда көрүүчү келишим боюнча пайда алуудан баш тартканда; ишенимдүү башкаруучу болгон гражданин каза болгондо, ал аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмү чектелген же дайынсыз жоголду деп табылганда, ошондой эле жеке ээлик кылуучу ишкер тоорук деп табылганда; ишенимдүү башкаруучу болгон юридикалык жак жоюлганда, ал тоорук деп табылганда; ишенимдүү башкарууга берилген мүлктү жеке өзү башкаруусу мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу ишенимдүү башкаруучу же башкарууну уюштуруучу баш тартканда; ушул Кодекстин 854-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруудан баш тартканда; ишенимдүү башкарууну уюштуруучу келишимде аталган акыны ишенимдүү башкаруучуга төлөп бергенден кийин келишимден баш тартканда; ишенимдүү башкарууну уюштуруучу тоорук деп табылганда.

2. Тараптардын бири мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминен баш тарткан учурда экинчи тарап бул жөнүндө, эгерде келишимде билдирүүнүн башка мөөнөтү каралбаса, келишим токтотулгандан үч ай мурда билдирилүүгө тийиш.

3. Ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда ишенимдүү башкарууда турган мүлк, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга өткөрүп берилет.

---

Мурунку берене: [864-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-864)  
Кийинки берене: [866-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-866)
