# 861-статья. Ишенимдүү башкаруучу жасаган иш-аракеттердин натыйжасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281634..1281635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-861>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-861.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 861-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-861

---

1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында ишенимдүү башкаруучу ээ болгон укуктар ишенимдүү башкарууга берилген мүлктүн курамына кошулат. Ишенимдүү башкаруучунун ушундай аракеттерди жасагандыгынын натыйжасында пайда болгон милдеттенмелери ушул мүлктүн эсебинен аткарылат.

2. Ишенимдүү башкарууга берилген мүлк менен бүтүмдөрдү ишенимдүү башкаруучу өзүнүн атынан жана ушундай башкаруучу катары аракеттенип жаткандыгын көрсөтүү менен жасайт. Документтерин жазууну талап кылбаган аракеттерди жасоодо экинчи тарапка аны ишенимдүү башкаруучу өзүнүн атынан жасап жатканы жөнүндө билдирилсе, ал эми жазуу жүзүндөгү документтерде ишенимдүү башкаруучунун атынан кийин "И.Б." деген белги коюлса бул шарт аткарылды деп эсептелет.

Ишенимдүү башкаруучунун ушундай сапатта аракеттенип жаткандыгы жөнүндө көрсөтүлбөгөн учурда ишенимдүү башкаруучу үчүнчү жактардын алдында милдеттүү болуп, өзүнө гана таандык мүлк менен алардын алдында жооп берет. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [860-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-860)  
Кийинки берене: [862-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-862)
