# 859-статья. Ишенимдүү башкаруучунун укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-859.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 859-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-859

---

1. Ишенимдүү башкарууну ишке ашырууда ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык бул мүлккө карата кандай гана болбосун юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди пайда көрүүчүнүн кызыкчылыгында жасоого укуктуу.

Мыйзамда же келишимде мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча айрым аракеттерге чек коюлушу мүмкүн.

2. Мыйзамда же мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген чектерде ишенимдүү башкаруучу өзүнө ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө карата анын менчик ээсинин укуктарын аткарат. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган учурларда кыймылсыз мүлктү тескейт.

Ишенимдүү башкаруучуга таандык болгон ыйгарым укуктарды менчик ээси ишке ашырбайт.

3. Ишенимдүү башкаруудагы мүлккө карата укуктарын коргоо үчүн ишенимдүү башкаруучу анын укуктарынын кандай гана болбосун бузулушун (289-статья), анын ичинде менчик ээси тарабынан бузулушун четтетүүнүн талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [858-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-858)  
Кийинки берене: [860-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-860)
