# 855-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-855>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-855.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 855-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-855

---

1. Күрөөгө коюлган мүлктүн ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилиши күрөө кармоочуну бул мүлккө карата өндүрүп алуу менен кайрылуу укугунан ажыратпайт.

2. Ишенимдүү башкаруучуга ага ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлк күрөөгө коюлгандыгы жөнүндө алдын ала айтылууга тийиш. Эгерде, өзүнө ишенимдүү башкарууга берилген мүлк күрөөгө коюлгандыгы жөнүндө билбесе же билүүгө тийиш болбосо ал мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин бузууну жана келишим боюнча бир жылдык акыны төлөп берүүнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

856-cтатья. Ишенимдүү башкаруудагы мүлктү айырмалап бөлүү

1. Ишенимдүү башкарууга берилген мүлк башкарууну уюштуруучунун, ошондой эле ишенимдүү башкаруучунун башка мүлкүнөн айырмаланып бөлүнөт. Бул мүлк ишенимдүү башкаруучунун өзүнчө балансында чагылдырылып, ал боюнча өз алдынча эсеп жүргүзүлөт. Ишенимдүү башкарууга байланыштуу иш-аракеттеги эсептешүүлөр үчүн өз алдынча банк эсеби ачылат.

2. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун карыздары боюнча ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө карата өндүрүп алуу менен кайрылууга, бул жактын тоорук болуп калгандыгынан башка учурларда, жол берилбейт. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу тоорук болуп калган учурда бул мүлктү ишенимдүү башкаруу токтотулат да ал мүлк конкурстук массага кошулат.

857-cтатья. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу жана пайда көрүүчү

1. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу төмөнкүлөр болот:

мүлктүн менчик ээси; жер участогу мурастап өмүр бою пайдалануу укугу таандык жак; буга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттин менчигиндеги мүлккө карата; чарба жүргүзүү укугуна негизделген ишкана - менчик ээсинин уруксаты менен.

2. Мүлктү ишенимдүү башкаруу ушул Кодекстин 850-статьясынын 2-пунктунда келтирилген негиздер боюнча уюштурулган учурда башкарууну уюштуруучунун ушул главанын эрежелери менен белгиленген укуктары тийиштүү түрдө Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө, мурасты аткаруучуга же мыйзамда белгиленген башка жакка таандык болот.

3. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу келишимде аныкталган мөөнөткө мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берет. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин ал ишенимдүү башкаруудагы мүлктү кайрадан алууга укуктуу.

Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун ишенимдүү башкаруучунун иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу келишимде аныкталган мөөнөттөрдө ишенимдүү башкаруучудан анын иш-аркети жөнүндө отчет алып турууга укуктуу.

4. Ишенимдүү башкаруу келишими боюнча пайда көрүүчү ишенимдүү башкаруучудан башка граждандык укук мамилелеринин кандай гана болбосун субъектиси боло алат.

Пайда көрүүчү ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган пайданы алууга укуктуу. Эгерде пайда көрүүчү келишимде аныкталбаса ишенимдүү башкарууну уюштуруучу пайда көрүүчү болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [854-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-854)  
Кийинки берене: [858-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-858)
