# 852-статья. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин олуттуу шарттары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281634..1281635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 852-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-852

---

Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминиде төмөнкүлөр каралууга тийиш: ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлктүн курамы; ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлктүн менчик ээси, ал эми эгерде келишим мыйзамга ылайык башка жактын чечими боюнча түзүлүп жаткан учурда - ошондой эле ошол жактын аталышы; мүлктү башкаруу кызыкчылыгында ишке ашырылып жаткан (пайда көрүүчү) юридикалык жактын фирмалык аталышы же адамдын аты-жөнү; ишенимдүү башкаруучунун аталышы же аты; пайда көрүүчүгө келтирилүүчү пайда; мыйзамга ылайык келишим менчик ээси тарабынан түзүлбөгөн учурда келишимде ишенимдүү башкаруу акысыз ишке ашырылып жаткандыгы келишимде каралбаса, башкаруучунун акысынын өлчөмү жана формасы; ишенимдүү башкаруучунун өз иш-аракети жөнүндө башкарууну уюштуруучуга же пайда көрүүчүгө отчет берип туруусунун тартиби жана мөөнөттөрү; келишимдин күчүндө болуу мөөнөтү.

2. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими беш жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Ишенимдүү башкарууга берилүүчү мүлктүн айрым түрлөрү үчүн мыйзамда келишим түзүлүшү мүмкүн болгон башка эң узак мөөнөт көрсөтүлүшү мүмкүн.

Келишимдин мөөнөтү аяктаганда тараптардын биринин келишимди токтотуу жөнүндөгү арызы болбогон учурда ал ошол эле шарттарда жана келишимде белгиленген мөөнөткө узартылды деп эсептелет. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [851-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-851)  
Кийинки берене: [853-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-853)
