852-статья. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин олуттуу шарттары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 43-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 133
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминиде төмөнкүлөр каралууга тийиш: ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлктүн курамы; ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мүлктүн менчик ээси, ал эми эгерде келишим мыйзамга ылайык башка жактын чечими боюнча түзүлүп жаткан учурда - ошондой эле ошол жактын аталышы; мүлктү башкаруу кызыкчылыгында ишке ашырылып жаткан (пайда көрүүчү) юридикалык жактын фирмалык аталышы же адамдын аты-жөнү; ишенимдүү башкаруучунун аталышы же аты; пайда көрүүчүгө келтирилүүчү пайда; мыйзамга ылайык келишим менчик ээси тарабынан түзүлбөгөн учурда келишимде ишенимдүү башкаруу акысыз ишке ашырылып жаткандыгы келишимде каралбаса, башкаруучунун акысынын өлчөмү жана формасы; ишенимдүү башкаруучунун өз иш-аракети жөнүндө башкарууну уюштуруучуга же пайда көрүүчүгө отчет берип туруусунун тартиби жана мөөнөттөрү; келишимдин күчүндө болуу мөөнөтү.
2. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими беш жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Ишенимдүү башкарууга берилүүчү мүлктүн айрым түрлөрү үчүн мыйзамда келишим түзүлүшү мүмкүн болгон башка эң узак мөөнөт көрсөтүлүшү мүмкүн.
Келишимдин мөөнөтү аяктаганда тараптардын биринин келишимди токтотуу жөнүндөгү арызы болбогон учурда ал ошол эле шарттарда жана келишимде белгиленген мөөнөткө узартылды деп эсептелет. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
852-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"Редакцияларды салыштыруу
23.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ишке ашырылып жаткан (пайда көрүүчү) юридикалык жактын кошулду: фирмалык аталышы же адамдын аты-жөнү; ишенимдүү башкаруучунун аталышы же … жана келишимде белгиленген мөөнөткө узартылды деп эсептелет. кошулду: (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-852" title="852-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>