# 847-статья. Субагенттик келишим

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 847-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-847

---

1. Эгерде агенттик келишимде башкасы каралбаса, агент келишимди аткаруу максатында принципиал алдында субагенттин аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү болуу менен башка жак менен субагенттик келишим түзүүгө укуктуу. Агенттик келишимде агенттин субагенттик келишимди түзүү милдети мындай келишимдин конкреттүү шарттарын көрсөтүү же көрсөтпөө менен каралышы мүмкүн.

2. Субагенттин агенттик келишим боюнча принципиал болуп эсептелген жактын атынан үчүнчү жактар менен бүтүм түзүүгө, ушул Кодекстин 205-статьясынын 1-пунктуна ылайык субагент кайрадан ишенип берүүнүн негизинде аракеттенген учурдан тышкары, укугу жок. Мындай кайра ишенүүнүн тартиби жана натыйжасы ушул Кодекстин 807-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [846-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-846)  
Кийинки берене: [848-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-848)
