# 846-статья. Агенттин отчету

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-846>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-846.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 846-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-846

---

1. Агенттик келишимди аткаруунун жүрүшүндө агент келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө принципиалга отчет берип турууга милдеттүү. Келишимде тийиштүү шарт каралбаган учурда агент тарабынан отчет ал келишимди аткаргандыгына жараша же келишим күчүндө болгон мөөнөт аяктаганда берилет.

2. Эгерде агенттик келишимде башкасы каралбаса, отчетко агенттин принципиалдын эсебинен жасаган чыгымдарынын зарыл болгон ырастоолору тиркелүүгө тийиш.

3. Агенттин отчетуна кайчы пикири болгон принципиал ал жөнүндө отчет алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде, эгерде тараптардын макулдугу менен башка мөөнөт белгиленбесе, агентке билдирүүгө тийиш. Болбосо отчет принципиал тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [845-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-845)  
Кийинки берене: [847-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-847)
