# 845-статья. Агенттик келишимде агенттин же принципиалдын укуктарынын чектелиши

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 845-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-845

---

1. Агенттик келишимде белгилүү бир аймакта аракеттенген башка агенттер менен ушундай эле агенттик келишимди түзбөө же агенттик келишимдин предметин түзгөн ушундай иш-аракетти келишимде аныкталган аймакта жүргүзбөө жөнүндөгү принципиалдын милдети каралышы мүмкүн.

2. Агенттик келишимде башка принципиалдар менен келишимде көрсөтүлгөн аймакка толугу менен же жарым-жартылай туура келүүчү аймакта аткарыла турган ушундай агенттик келишимди түзбөө боюнча агенттин милдеттенмеси каралышы мүмкүн.

3. Агенттик келишимдин агенттин товарды сатып алуучулардын (тейленүүчүлөрдүн) айрым категорияларына же болбосо келишимде аныкталган аймакта жайгашкан же жашоочу сатып алуучуларга (тейленүүчүлөргө) гана сатуу (кызмат көрсөтүү) укугун белгилеген шарты жокко эсе.

---

Мурунку берене: [844-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-844)  
Кийинки берене: [846-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-846)
