# 844-статья. Агенттик акы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-844>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-844.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 844-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-844

---

Принципиал агенттик келишимде белгиленген тартипте жана өлчөмдө агентке акы төлөп берүүгө милдеттүү. Эгерде агенттик келишимде агенттик акынын өлчөмү каралбаса ал келишимдин шарттарынан келип чыгуу менен аныкталышы мүмкүн. Агенттик акы ушул Кодекстин 390-статьясынын 3-пунктуна ылайык өлчөмдө төлөнүүгө тийиш. Келишимде агенттик акыны төлөө тартиби каралбаган учурда принципиал агент өткөн мезгил үчүн отчет бергенден тартып үч жуманын ичинде агенттик акыны, эгерде келишимдин маңызынан же ишкер жүгүртүү салтынан башкасы келип чыкпаса, төлөп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [843-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-843)  
Кийинки берене: [845-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-845)
