# 843-статья. Агенттик келишим

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-843>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-843.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 843-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-843

---

1. Агенттик келишим боюнча бир тарап (агент) экинчи тараптын (принципиалдын) тапшырмасы боюнча өзүнүн атынан же принципиалдын атынан жана анын эсебинен юридикалык жана башка аракеттерди акысын алуу менен аткарууга милдеттенет.

Өзүнүн атынан жана принципиалдын эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм боюнча, ал бүтүмдө принципиалдын аты аталса же ал үчүнчү жак менен түздөн-түз байланышка кирсе дагы, укуктун ээси жана милдеткор агент болот. Принципиалдын атынан жана эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм боюнча укуктун ээси жана милдеткор принципиал болот.

2. Жазуу жүзүндө түзүлгөн агенттик келишимде агенттин принципиалдын атынан бүтүм түзүү боюнча жалпы ыйгарым укуктары каралган учурда принципиал үчүнчү тараптар менен болгон мамилесинде, эгерде үчүнчү жак агенттин ыйгарым укуктарынын чектелгендиги жөнүндө билгендигин же билүүгө тийиш экендигин принципиал далилдебесе, агенттин тийиштүү ыйгарым укуктары жок экендигине шылтоо кылууга укугу жок.

3. Агенттик келишим белгилүү бир мөөнөткө же мөөнөтүн көрсөтпөстөн түзүлүшү мүмкүн.

4. Мыйзамда агенттик келишимдин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [842-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-842)  
Кийинки берене: [844-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-844)
