843-статья. Агенттик келишим
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 42-Глава
1. Агенттик келишим боюнча бир тарап (агент) экинчи тараптын (принципиалдын) тапшырмасы боюнча өзүнүн атынан же принципиалдын атынан жана анын эсебинен юридикалык жана башка аракеттерди акысын алуу менен аткарууга милдеттенет.
Өзүнүн атынан жана принципиалдын эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм боюнча, ал бүтүмдө принципиалдын аты аталса же ал үчүнчү жак менен түздөн-түз байланышка кирсе дагы, укуктун ээси жана милдеткор агент болот. Принципиалдын атынан жана эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм боюнча укуктун ээси жана милдеткор принципиал болот.
2. Жазуу жүзүндө түзүлгөн агенттик келишимде агенттин принципиалдын атынан бүтүм түзүү боюнча жалпы ыйгарым укуктары каралган учурда принципиал үчүнчү тараптар менен болгон мамилесинде, эгерде үчүнчү жак агенттин ыйгарым укуктарынын чектелгендиги жөнүндө билгендигин же билүүгө тийиш экендигин принципиал далилдебесе, агенттин тийиштүү ыйгарым укуктары жок экендигине шылтоо кылууга укугу жок.
3. Агенттик келишим белгилүү бир мөөнөткө же мөөнөтүн көрсөтпөстөн түзүлүшү мүмкүн.
4. Мыйзамда агенттик келишимдин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
843-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-843" title="843-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>