# 840-статья. Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишимди аткаруудан комиссионердин баш тартышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-840.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 840-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-840

---

1. Мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишимди аткаруудан комиссионер, бир айдан мурдараак мөөнөттө, эгерде билдирүүнүн андан узагыраак мөөнөтү келишимде каралбаса, комиссионерге кат жүзүндө билдирүү менен, каалаган учурда баш тартууга укуктуу.

Мындай учурда комиссионер өзүндө болгон комитенттин мүлкүнүн сакталышы үчүн чара көрүүгө милдеттүү. Комитент келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин комиссионердин колундагы мүлкүн тескөөгө милдеттүү. Эгерде комитент бул милдетин аткарбаса комиссионер бул мүлктү сактоого өткөрүүгө же комитент үчүн пайдалуураак баада сатып жиберүүгө укуктуу.

2. Комиссия келишимин аткаруудан баш тарткан комиссионер келишим токтотулган учурга чейин тарткан чыгымдарынын ордун толтуртуу укугун сактайт.

---

Мурунку берене: [839-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-839)  
Кийинки берене: [841-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-841)
