# 837-статья. Комиссионердин тапшырманы аткаруудан баш тартышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 837-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-837

---

1. Эгерде комиссия келишиминде башкасы белгиленбесе, комитенттин өз милдеттерин бузгандыгынан улам тапшырманы комитенттин көрсөтмөсүнө ылайык аткаруу мүмкүн болбогон же комиссионер жооп бербеген кырдаалдардан улам тапшырманын аткарылышы мүмкүн болбогон учурдан тышкары, комиссионердин кабыл алган тапшырманы аткаруудан баш тартууга укугу жок.

Комиссионер аткаруудан баш тарткандыгы жөнүндө комитентке кат жүзүндө билдирүүгө жана өзүндө болгон комитенттин мүлкүнүн сакталышы үчүн чара көрүүгө милдеттүү. Эгерде комиссия келишиминде башка мөөнөт белгиленбесе, комиссионердин тапшырманы аткаруудан баш тарткандыгы жөнүндө билдирүү алган комитент ал билдирүүнү алгандан тартып бир айдын ичинде комиссионерде болгон мүлкүн тескөөгө милдеттүү. Эгерде комитент бул милдетин аткарбаса комиссионер бул мүлктү сактоого өткөрүүгө же комитент үчүн пайдалуураак баада сатып жиберүүгө укуктуу.

2. Комитенттин өз милдеттерин бузгандыгынан улам тапшырманы аткаруудан баш тарткан комиссионер комиссиялык акы алуу жана тарткан чыгымдарынын ордун толтуртуу укугун сактайт.

3. Комиссия келишиминде каралган бардык тапшырмалардан комиссионер баш тарткан учурда келишим токтотулат.

---

Мурунку берене: [836-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-836)  
Кийинки берене: [838-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-838)
