# 836-статья. Комитенттин тапшырманы алып салуусу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-836>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-836.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 836-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-836

---

1. Комиссионерге берген тапшырмасын комитент каалаган убакта алып салууга укуктуу. Мындай учурда тапшырманы алып салууга байланыштуу комиссионердин чыгымдарынын орду жалпы негизде толтурулат.

Эгерде комиссия келишиминде башкасы белгиленбесе, комиссионердин колундагы мүлкүн комитент бир айдын ичинде тескөөгө милдеттүү. Эгерде комитент бул милдетин аткарбаса комиссионер бул мүлктү сактоого өткөрүүгө же комитент үчүн пайдалуураак баада сатып жиберүүгө укуктуу.

2. Комиссия келишиминде каралган бардык тапшырмаларды комитент алып салганда келишим токтотулат.

---

Мурунку берене: [835-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-835)  
Кийинки берене: [837-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-837)
