# 832-статья. Комитенттин мүлкүнүн жоголгондугу, жетпей калгандыгы же бузулгандыгы үчүн комиссионердин жоопкерчилиги

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 832-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-832

---

1. Комиссионер комитенттин алдында өзүндө болгон комитенттин мүлкүнүн жоголгондугу, жетпей калгандыгы же бузулгандыгы үчүн жооп берет.

2. Эгерде комитент жиберген же комитент үчүн комиссионерге келип түшкөн комитенттин мүлкүн кабыл алууда ал мүлктө сыртынан текшерип кароодо байкалуучу бузулгандары же жетишпегендиги болсо, ошондой эле комиссионердеги комитенттин мүлкүнө кимдир-бирөө зыян келтирсе, комиссионер комитенттин укугун коргоо үчүн чара көрүүгө, зарыл болгон маалыматтарды чогултууга жана токтоосуз булар жөнүндө комитентке билдирүүгө милдеттүү.

3. Өзүндө болгон комитенттин мүлкүн камсыздандырбаган комиссионер бул үчүн комитент өз мүлкүн камсыздандыруу жөнүндө көрсөтмө берген же мындай мүлктү камсыздандыруу мыйзамда белгиленген учурда гана жооп берет.

---

Мурунку берене: [831-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-831)  
Кийинки берене: [833-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-833)
