832-статья. Комитенттин мүлкүнүн жоголгондугу, жетпей калгандыгы же бузулгандыгы үчүн комиссионердин жоопкерчилиги
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 41-Глава
1. Комиссионер комитенттин алдында өзүндө болгон комитенттин мүлкүнүн жоголгондугу, жетпей калгандыгы же бузулгандыгы үчүн жооп берет.
2. Эгерде комитент жиберген же комитент үчүн комиссионерге келип түшкөн комитенттин мүлкүн кабыл алууда ал мүлктө сыртынан текшерип кароодо байкалуучу бузулгандары же жетишпегендиги болсо, ошондой эле комиссионердеги комитенттин мүлкүнө кимдир-бирөө зыян келтирсе, комиссионер комитенттин укугун коргоо үчүн чара көрүүгө, зарыл болгон маалыматтарды чогултууга жана токтоосуз булар жөнүндө комитентке билдирүүгө милдеттүү.
3. Өзүндө болгон комитенттин мүлкүн камсыздандырбаган комиссионер бул үчүн комитент өз мүлкүн камсыздандыруу жөнүндө көрсөтмө берген же мындай мүлктү камсыздандыруу мыйзамда белгиленген учурда гана жооп берет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
832-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-832" title="832-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>