# 829-статья. Комитенттин көрсөтмөсүнөн четтөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 829-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-829

---

1. Эгерде кырдаалга жараша комитенттин кызыкчылыгында бул зарыл болсо жана комиссионер комитенттен алдын ала сурай албай калса же болбосо акылга сыярлык мөөнөттө өзүнүн суроосуна жооп албаса, комиссионер комитенттин көрсөтмөсүнөн четтөөгө укуктуу.

Мындай учурда мүмкүнчүлүк болору менен комиссионер комитентке анын көрсөтмөсүнөн четтөөгө жол берилгендиги тууралуу билдирүүгө милдеттүү. Коммерциялык өкүл катары аракеттенген комиссионерге (202-статьянын 1-пункту) комитенттин кызыкчылыгында анын уруксатын алдын ала сурабастан эле көрсөтмөдөн четтөөгө укук берилиши мүмкүн.

2. Комитент менен макулдашылган баадан төмөнкү баага мүлктү саткан комиссионер, эгерде мүлктү макулдашылган баада сатууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун жана төмөнүрөөк баада сатуу андан да көп болуучу чыгымдын алдын алгандыгын, ошондой эле көрсөтмөсүнөн четтөө үчүн комитенттен алдын ала уруксат алууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун далилдебесе, комитентке баалардын ортосундагы айырмасын төлөп берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде комиссионер мүлктү комитент менен макулдашылган баадан жогорку баада сатып алса жана комитент мындай сатып алууну кабыл алууну каалабаса, үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүм жөнүндө кабарды алары менен комитент бул тууралуу комиссионерге билдирүүгө милдеттүү. Болбосо комитент сатып алууну кабыл алды деп эсептелинет.

Эгерде комиссионер баалардын ортосундагы айырманы өзүнүн эсебине алгандыгы жөнүндө билдирсе комитенттин ал үчүн түзүлгөн бүтүмдөн баш тартууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [828-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-828)  
Кийинки берене: [830-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-830)
