# 827-статья. Субкомиссия

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 827-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-827

---

1. Комиссионер комиссия келишимин аткаруу максатында, эгерде комиссия келишиминде башкасы каралбаса, субкомиссионердин жасаган иштери үчүн комитенттин алдында жоопкерчилигин сактоо менен башка жак менен субкомиссия келишимин түзүүгө укуктуу.

Субкомиссия келишими боюнча комиссионер субкомиссионерге карата комитенттин укуктары менен милдеттерин алат.

2. Эгерде комиссия келишиминде башкасы каралбаса, комиссия келишими токтотулмайынча комитент комиссионердин макулдугусуз субкомиссионер менен түздөн-түз мамиле түзүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [826-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-826)  
Кийинки берене: [828-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-828)
