# 826-статья. Комиссиялык тапшырманы аткаруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-826>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-826.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 826-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-826

---

1. Комиссионер өзү үчүнчү жак менен түзгөн бүтүмдөн келип чыккан бардык милдеттенмелерин аткарып, укуктарын ишке ашырууга тийиш.

2. Өзүнө алган милдеттерди комиссионер комитенттин көрсөтмөсүнө ылайык комитент үчүн эң ыңгайлуу шартта, ал эми комиссия келишиминде мындай көрсөтмө жок болгон учурда-ишкер жүгүртүү салтына же коюлуучу башка талаптарга ылайык комитент үчүн өтө пайдалуу шартта аткарууга милдеттүү. Комиссионер комитент белгилегенден пайдалуураак шартта бүтүм түзгөн учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, пайда комитент менен комиссионердин ортосунда бөлүштүрүлөт.

3. Комиссионер комитенттин эсебинен үчүнчү жак менен түзүлгөн бүтүмдү ал жак аткарбаган учурда, комиссионер ал жакты тандоодо байкабастык кетирген же бүтүмдүн аткарылышын мойнуна алган (делькредере) учурдан тышкары, комитенттин алдында жооп бербейт.

4. Комиссионер менен түзгөн бүтүмдү үчүнчү жак бузган учурда, комиссионер токтоосуз бул жөнүндө комитентке билдирип, зарыл болгон далилдерди чогултууга жана камсыз кылууга, ошондой эле комитенттин талабы боюнча ага ушул бүтүм боюнча бардык укуктарды өткөрүп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [825-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-825)  
Кийинки берене: [827-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-827)
