# 825-статья. Үчүнчү жак менен бүтүм боюнча комиссионердин укуктары менен милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 825-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-825

---

1. Комиссионер үчүнчү жак менен түзгөн бүтүм боюнча, комитент ал бүтүмдө аталган же бүтүмдүн аткарылышы үчүн үчүнчү жак менен мамиле түзгөн күндө да укуктарга жана милдеттерге комиссионер ээ болот.

2. Комитенттин талабы боюнча комиссионер бүтүм түзүлгөн үчүнчү жакка билдирүү менен ал бүтүмдөн келип чыккан укуктарды ага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Ал үчүнчү жактын өзүнүн комиссионерге карата ушул бүтүмдөн келип чыкпаган талаптарына негизделген кайчы пикирди комитентке карата билдирүүгө укугу жок.

---

Мурунку берене: [824-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-824)  
Кийинки берене: [826-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-826)
