# 822-статья. Комиссия келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281630..1281631>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 822-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-822

---

1. Комиссия келишими боюнча комитенттин тапшыруусу менен анын эсебинен жана өзүнүн атынан комиссионер акысын алуу менен бир же бир нече бүтүмдөрдү аткарууга милдеттенет.

2. Комиссия келишими аракеттенүү мөөнөтү белгилүү же мөөнөтсүз, ал аткарылуучу аймакты көрсөтүү менен же көрсөтпөстөн, комиссионердин айрыкча укуктары менен же андайсыз, комиссиянын предмети болгон товарлардын ассортиментине карата шарттары менен же шарттары жок түзүлүшү мүмкүн.

3. Мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларында комиссия келишиминин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [821-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-821)  
Кийинки берене: [823-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-823)
