# 816-статья. Тапшырмасыз анын кызыкчылыгында иш-аракеттер жасалган адамдын милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 816-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-816

---

1. Ушул главада каралган эрежелерге ылайык бирөөнүн кызыкчылыгында аракеттенген адамдын тарткан чыгымдарынын жана анык зыяндарынын орду ушул Кодекстин 814-статьясынын 1-пунктунда каралган учурдан тышкары, кызыкчылыгы бар адам тарабынан толтурулуп берилүүгө тийиш.

Тарткан чыгымдарынын жана анык зыяндарынын ордун толтуртуп алуу укугу башканын кызыкчылыгында жасалган аракеттер акылга сыярлык болуп, бирок болжолдонгон натыйжа алынбаган учурда да сакталат. Бирок башка бирөөнүн мүлкүнө келтирилүүчү зыянды алдын алган учурда чыгымдын ордун толтуруп берүүнүн өлчөмү мүлктүн наркынан жогору болбоого тийиш.

2. Башканын кызыкчылыгында иш-аракет аны жасаган адамдын ээлик кылуу ишкердигинин чөйрөсүнө кирген учурда ал зыянынын ордун толтуруп берүү талабы менен кошо теңдеш акы төлөөнү да талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [815-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-815)  
Кийинки берене: [817-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-817)
