816-статья. Тапшырмасыз анын кызыкчылыгында иш-аракеттер жасалган адамдын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 40-Глава
1. Ушул главада каралган эрежелерге ылайык бирөөнүн кызыкчылыгында аракеттенген адамдын тарткан чыгымдарынын жана анык зыяндарынын орду ушул Кодекстин 814-статьясынын 1-пунктунда каралган учурдан тышкары, кызыкчылыгы бар адам тарабынан толтурулуп берилүүгө тийиш.
Тарткан чыгымдарынын жана анык зыяндарынын ордун толтуртуп алуу укугу башканын кызыкчылыгында жасалган аракеттер акылга сыярлык болуп, бирок болжолдонгон натыйжа алынбаган учурда да сакталат. Бирок башка бирөөнүн мүлкүнө келтирилүүчү зыянды алдын алган учурда чыгымдын ордун толтуруп берүүнүн өлчөмү мүлктүн наркынан жогору болбоого тийиш.
2. Башканын кызыкчылыгында иш-аракет аны жасаган адамдын ээлик кылуу ишкердигинин чөйрөсүнө кирген учурда ал зыянынын ордун толтуруп берүү талабы менен кошо теңдеш акы төлөөнү да талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
816-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 814-статья. Тапшырмасыз анын кызыкчылыгында иш-аракеттер жасалган адамдын милдеттери
- 815-статья
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-816" title="816-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>