# 812-статья. Башканын кызыкчылыгында тапшырмасыз аракеттенүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 812-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-812

---

1. Алдын ала тапшырмасы, башка көрсөтмөсү же мурдатан убада кылынган макулдугу болбогон, кызыкчылыгы бар жактын инсанына же мүлкүнө зыян келтирүүнү алдын алуу, анын милдеттенмелерин аткаруу же анын кызыкчылыгында жасалуучу укукка каршы келбеген башкача түрдөгү аракеттер (башканын кызыкчылыгындагы аракеттер) таламдаш жактын пайда алуусунан жана анын анык жана мүмкүн болуучу ниеттеринен келип чыгуу менен, кырдаалга жараша камкордуулук жана сактык менен аткарылууга тийиш.

2. Ушул главада каралган эрежелер мындай аракеттер иш максаттарынын бири болгон мамлекеттик же башка органдар тарабынан башка адамдардын кызыкчылыгында жасалуучу аракеттерге карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [811-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-811)  
Кийинки берене: [813-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-813)
