# 810-статья. Тапшырма келишиминин токтотулушунун натыйжасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 810-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-810

---

1. Эгерде тапшырма келишими ишеним берилген тарабынан тапшырма толугу менен аткарылганга чейин токтотулса ишеним берүүчү ишеним берилгенге тапшырманы аткарууда тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүгө, ал эми ишеним берилгенге акы берилүүгө тийиш болгон учурда анын иштеген ишине жараша акы төлөп берүүгө милдеттүү. Мындай эреже ишеним берилген тапшырманын токтотулушу жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурдан тартып аткаргандарына карата колдонулбайт.

2. Ишеним берүүчүнүн тапшырманы алып салуусу, ишеним берилгендин коммерциялык өкүл катары аракеттенүүсүн белгилеген келишимдерди токтотуудан тышкары, ишеним берилгенге келишимдин токтотулушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн негиз болбойт.

3. Ишеним берилгендин тапшырманы аткаруудан баш тартуусу, ишеним берүүчү мындан башкача түрдө өз кызыкчылыгын камсыз кыла албаган, ошондой эле ишеним берилгендин коммерциялык өкүл катары аракеттенүүсүн белгилеген келишимдерди аткаруудан баш тартылгандан тышкары учурларда, ишеним берүүчүгө келишимдин токтотулушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү үчүн негиз болбойт.

---

Мурунку берене: [809-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-809)  
Кийинки берене: [811-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-811)
