# 809-статья. Тапшырма келишиминин токтотулушу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-809>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-809.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 809-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-809

---

1. Тапшырма келишими төмөнкүлөрдүн негизинде токтотулат:

ишеним берүүчү тапшырманы алып салган учурда; ишеним берилген баш тартканда; ишеним берүүчү же ишеним берилген каза болгондо; ишеним берүүчү же ишеним берилген аракетке жөндөмсүз же аракети чектелген же дайынсыз жок деп таанылган учурда.

2. Ишеним берүүчү каалаган учурда тапшырманы алып салууга жана ишеним берилген андан баш тартууга укуктуу.

3. Ишеним берилгендин коммерциялык өкүл катары аракеттенишин белгилеген тапшырма келишиминен баш тарткан тарап экинчи тарапка, эгерде тапшырма келишиминде мындан узагыраак мөөнөт каралбаса, отуз күндөн кечиктирбестен келишимдин токтотулгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

Коммерциялык өкүл болгон юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда ишеним берүүчү мындай алдын ала билдирүүсүз эле тапшырманы алып салууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [808-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-808)  
Кийинки берене: [810-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-810)
