# 808-статья. Тапшырманы аткарууну кайрадан ишенип берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 808-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-808

---

1. Ишеним берилген тапшырманын аткарылышын ушул Кодекстин 803-статьсында каралган шартта жана учурларда гана башка бирөөгө кайрадан ишенип бериши мүмкүн.

2. Ишеним берүүчү ишеним берилген тарабынан тандалган орун басарын кабыл албоого укуктуу.

3. Эгерде ишеним берилгендин мүмкүн болгон орун басары тапшырма келишиминде айтылган болсо, анда ишеним берилген анын тандалышы үчүн да, ишти алып барышы үчүн да жооп бербейт.

Эгерде ишеним берилгендин орун басары ишти алып барары келишимде белгиленбесе, же белгиленсе, бирок орун басардын аты аталбаса, анда ишеним берилген орун басардын тандалышы үчүн жооп берет.

---

Мурунку берене: [807-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-807)  
Кийинки берене: [809-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-809)
