# 806-статья. Ишеним берилгендин милдеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-806>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-806.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 806-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-806

---

Ишеним берилген төмөнкүлөргө милдеттүү: ушул Кодекстин 807-статьясында көрсөтүлгөндөн тышкары учурларда өзүнө берилген тапшырманы жеке өзү аткарууга; ишеним берүүчүнүн талабы боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө билдирип турууга; тапшырманы аткаруу боюнча түзүлгөн бүтүмдөрдөн алынгандардын баарын токтоосуз тапшырма берүүчүгө берип турууга; тапшырма аткарылгандан кийин же аткарылганга чейин келишим токтотулган учурда күчүндө болуу мөөнөтү бүтө элек ишеним катты токтоосуз ишеним берүүчүгө кайтарууга жана, эгерде бул келишимдин шарттарында каралса же тапшырманын мүнөзүнөн келип чыкса, актоо документтерин тиркөө менен отчет берүүгө.

---

Мурунку берене: [805-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-805)  
Кийинки берене: [807-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-807)
