# 805-статья. Тапшырманын ишеним берүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-805>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-805.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 805-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-805

---

аткарылышы

1. Ишеним берилген жак тапшырманын ишеним берүүчүнүн көрсөтмөсүнө ылайык аткарууга милдеттүү. Ишеним берүүчүнүн көрсөтмөсү укуктуу, ишке ашыргыдай жана так болууга тийиш.

2. Эгерде кырдаалга жараша ишеним берүүчүнүн кызыкчылыгында зарыл болсо жана ишеним берилген жак ишеним берүүчүдөн алдын ала сурай албай же өзүнүн суроо-талабына ылайыктуу убакытта жооп ала албай калса, ишеним берилген жак ишеним берген жактын көрсөтмөсүнөн четтей алат. Мындай учурда ишеним берилген жак ишеним бергендин көрсөтмөсүнөн четтегендиги жөнүндө мүмкүндүк болору менен ага билдирүүгө милдеттүү.

3. Коммерциялык өкүл катары аракеттенген ишенимдүү жакка (202-статьянын 1-пункту) ишеним бергендин кызыкчылыгында анын көрсөтмөсүн алдын ала сурабастан туруп эле көрсөтмөдөн четтөөгө укук берилиши мүмкүн. Мындай учурда коммерциялык өкүл акылга сыярлык мөөнөттө жол берилген четтөөлөр жөнүндө ишеним берүүчүгө, эгерде тапшырма келишиминде башкасы каралбаса, билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [804-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-804)  
Кийинки берене: [806-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-806)
